Айпери Токтосунова: 2-3 жылдан бери Кыргызстанда жүрөккө стенд акысыз коюулууда
24 ноябрь

Айпери Токтосунова: 2-3 жылдан бери Кыргызстанда жүрөккө стенд акысыз коюулууда

Кыргызстанда өлүмгө жеткирген оорулардын арасында жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турат. Мындан улам бул оорунун алдын алуу үчүн жыл сайын ар кандай программалар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыгат. Быйыл “Саламат жүрөк” улуттук программасы ишке киргизилди.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун Ургенттик кардиология бөлүмүнүн жогорку даражадагы дарыгери Айпери Токтосунова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, жүрөк-кан тамыр ооруларынын күч алышы адамдардын профилактикалык аракеттерди жасабагандыгынан улам болууда.

“Инфактты алдын алууга болот. Эгер адам диета сактап, физикалык жүктү туура берип – күнүнө жок дегенде жарым саат жөө басып же 15 мүнөт чуркаса, жүрөктүн саламаттыгы чың болушуна жардам берет.

Ал эми ооруп калган адам мындан ары эмнелерди кылууга болбойт жана эмнелерди кылуу зарылдыгын так билиши жана аны карманышы керек”, – деди дарыгер.

Айтымында, Кыргызстанда 2-3 жылдан бери жүрөккө стенддер акысыз коюлууда. Ага кеткен чыгымды мамлекет көтөрөт. Андан сырткары, жүрөк ооруларына керектүү дары-дармектер, ошол эле АКШ жана Европада жеткиликтүү болгондор биздин өлкөдө табылчу эмес, а азыр аны дагы мамлекет камсыздап, жеткирүүдө.

“Азыр дары-дармек жетиштүү, эгерде бейтап өз убагында керектүү дарыны кабыл ала алса, келечекте инфаркттын көлөмү азайып, жүрөк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар солгундайт”, – деди.

Ал миокард инфаркт эмне экенин мындайча чечмеледи:

“Миокард  инфаркт – жөнөкөй тил менен айтканда, жүрөктүн тамырларын май басып калуу. Жыл өткөн сайын биз жашарбайбыз, улгаябыз. Ошондуктан жаш куракка жараша айрым эреже-талаптарды сактоо, ден соолуктун чың болушуна өбөлгө болот. Улгайган сайын адамдын жүрөгүндөгү кан тамырларды май басат. Бул биз жеген май топтолот дегендик эмес. Бул организм өзү бөлүп чыгаруучу май. Жыйынтыгында, жүрөк майланышып, кан жакшы жүрбөй калат”, – деди Айпери Токтосунова.