Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтуна директор дайындалды
21 январь

Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтуна директор дайындалды

Каскеев Данияр Мамбеталиевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директору болуп дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.