Папан ГЭСин 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда
КР Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.
Ведомстводон кабарлашкандай, бул иштин алкагында «Чакан ГЭС» ААК Папан ГЭСинин курулушун жүргүзүп жатат.
Бүгүнкү күндө долбоордун негизги объектилеринин бири болгон деривациялык суу өткөрүүчү тоннелде алгачкы 30 метрлик казуу иштери аткарылды. Тоннелдин жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуш жана бургулоо-жардыруу иштерин жүргүзүүгө керектүү бардык уруксат берүүчү документтер алынган. Объектке 30дан ашык атайын техника жана жабдуу тартылып, зарыл болгон материалдар менен тетиктер жеткирилген. Ошондой эле, узундугу 8 чакырымга чукул болгон кирүүчү жол оңдолуп, бекемделди. Бул чоң көлөмдөгү жабдууларды жана курулуш материалдарын ташып жеткирүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, станциянын негизги объектилеринде курулуш иштери параллелдүү уланууда. Административдик имараттын курулушу аяктап, суу алуу түйүнү жана дарбаза камерасы жайгаша турган аянтчалар даярдалды. ГЭС имаратынын пайдубалы үчүн чуңкур казуу иштери башталды.
Ошондой эле, ар биринин кубаттуулугу 10 МВт болгон үч гидроагрегатты даярдоо иштери уланууда. Учурда алардын даярдык деңгээли болжол менен 70% түзөт.
Учурда электр берүү линиясын куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо жана тиешелүү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Иштердин графиги, курулуштун сапаты жана коопсуздук талаптары толук сакталып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык болжол менен Папан ГЭСин 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
