Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
2025-жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун ИИББна 1971-жылы туулган А.Ж. атту жаран белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 30-сентябрында «М» аттуу белгисиз жаран Военно-Антоновка айылында жайгашкан «РИОМ» авто-базарынын жанында болуп, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу жалпы баасы 7 020 000 сомду түзгөн 65 баш жылкыны айдап өтүп берүүнү шылтоо кылып, алдоо жолу менен 2 000 000 теңге өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мал-мүлктү ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Натыйжада арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө – жалпы 7 330 400 сом суммада материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышты жасоого шектелген жаран аныкталган. Ал - 1984-жылы туулган К.М. аттуу жаран. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча болгон бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.
