ЕАЭБ министри Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине иш сапар менен барды
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү.
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин баштаган делегациянын курамында санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Алмаз Давлетов жана министрдин жардамчысы Кристина Ненадовец болду.
Кыргызстандын атынан меймандарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мамлекеттик башкы санитардык дарыгер Гульбара Ишенапысова, Департаменттин директору Гүлзат Кубанычбекова жана мекеменин адистери тосуп алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мекеме өкүлдөрү санитардык кызматтын негизги багыттары, калктын саламаттыгын коргоодогу артыкчылыктуу милдеттери тууралуу таанышышты. Ошондой эле өлкөдө эпидемиологиялык туруктуулукту камсыздоо жана Евразия экономикалык биримдигинин санитардык талаптарын аткаруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жолугушуунун журушундо заманбап лабораториялардын иши, мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Меймандарга заманбап аналитикалык жабдуулар, изилдөө ыкмалары жана тактыгын камсыз кылган сапатты башкаруу системасы көрсөтүлдү.Ошону менен биргеликте продукцияны мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартибин көрсөтүштү. Делегация санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү, каттоо күбөлүктөрүн каттоодон өткөрүү жана маалыматтарды ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизүү кадамын ачык-айкын таанышышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты мындан арыла чыңдоо маанилүү экенин белгилешти.
Дал ушундай өнөктөштүк техникалык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана эң башкысы — ЕАЭБ аймагында жүгүртүлгөн продукциялардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
