Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.
Көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн.
Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.
Ошондой эле, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда катуу бороон болууда. Тазалоо иштерине техникалар даяр турат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
