Маматалиев Мурас-Ордо конушуна реабилитациялык борбор курууну сунуштады
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында майыптыгы бар жарандарга көңүл бурууну күчөтүүнү сунуштады.
“Майыптык – бул тагдыр. Аларды четке сүрүп койбой, мамлекет көңүл бурушу керек. Биринчи кезекте, алардын жөлөкпулу. Ооба, пенсия, жөлөкпулдар көтөрүлүп жатат. Бирок дагы да бир карап койсок. Жөлөкпулдан башка аларды караган адамдарга – ассистенттерге айлык акы берилет. Алардын маянасы бүгүнкү күндө 7 миң сом. Бул эч нерсеге жетпейт”, – деди депутат.
Ошондой эле депутат Биринчи май районуна караштуу Мурас-Ордо конушунда 50гө жакын бала ДЦП менен жабыркай турганын билдирди.
“Алар реабилитациялык борборго, Бишкекке келишет. Бул конуш өзүнчө аралча, шаардан алыс жайгашкан. Жол тыгынын эске алганда 1,5-2 саатта жетишет. Ошондуктан бул балдарды кыйнабай, Мурас-Ордого реабилитациялык борбор куруп берсек”, – деди Маматалиев.
