Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы алмашты
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Исабеков Самат Сатарович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын ордуна Алмаз Салиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
