Мурас-Ордо конушунда 20 жылдан бери өз үйүнө менчик укугун ала албай жаткан жарандар бар
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында көп жылдан бери өз үйүндө жашап, бирок тийиштүү документтерди ала албай жүргөн жарандар тууралуу айтты.
Ал белгилегендей, Биринчи май районуна караштуу аймактагы “Зеленхоз” тарабынан берилген көп кабаттуу үйдө жашаган жашоочулар 20 жылдан бери менчик укугу үчүн аракеттенип келишет.
“9 үй-бүлө ошол имаратты өз күчү менен оңдоодон өткөрүшкөн. Убагында бул үй аларга тийиштүү тараптардын уруксаты менен мыйзамдуу түрдө берилген. Бирок дагы деле менчик укугу жок. Анын айынан паспорт да ала алышпайт, каттоого да тура алышпайт. Эки бийлик алмашса да, алардын маселеси ордунан жыла элек. Чоң үмүт менен мэрияга, өкмөткө кайрылып келишет, бүгүнкү бийликке ишенимдери чоң экенин айтышат”, – деди ал.
Ошондой эле депутат Мурас-Ордо жаңы конушунда да ушул сыяктуу көрүнүш бардыгын белгиледи. Айтымында, аталган конушта 228 жер тилкеси такталбай жатат. Бул жер тилкелери соттун чечими менен камакка алынган. Анда жашап жаткандар көп жылдан бери менчик ээси укугунан пайдалана албай келишет.
