АТРден кийинки абал: 50 миңден ашуун калкты 14 кызматкер тейлөөдө
21 январь

АТРден кийинки абал: 50 миңден ашуун калкты 14 кызматкер тейлөөдө

Депутат Азизбек Турсунбаев административдик-аймактык реформа көп жерде бир катар көйгөйлөрдү тартуулаганын билдирди.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтып жатып, Ала-Бука айыл аймагындагы маселеге токтолду.

Айтымында, аталган айыл аймагында АТРден кийин 53 миң эл жашайт, бирок ошонун баарын айыл өкмөтүндө иштеген 14 кызматкер тейлейт.

“АТРге чейин Ала-Бука, Өрүктү жана Балтагулов айыл өкмөттөрү болуп, ар биринде өзүнчө айыл өкмөт иштеген. Реформадан соң элдин саны өстү, бирок айыл өкмөтүндөгү штат кыскарды. 14 кызматкер жетишпей жатышат”, – деди.

Депутат мындай маселе бардык айыл өкмөттөрүндө бардыгын белгилеп, АТРден кийин штатты көбөйтүү маселесине көңүл буруу керектигин кошумчалады.