Чүй облусунда ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектелгендер кармалды
21 январь

Чүй облусунда ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектелгендер кармалды

2025-жылдын 19-декабрында Панфилов РИИБге 1994-жылы туулган Т.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16-декабрында Каинда шаарындагы Трудовая көчөсүндө жайгашкан «LEGACY» өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайдын аймагында белгисиз адамдар ага кол салып, топ болуп аракеттенүү менен, бейбаштык ниетте жана физикалык күч колдонуп, денесине жаракат келтиришкен.

Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген жарандар аныкталып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Алар – 1986-жылы туулган М.Т. жана 1989-жылы туулган М.Т. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринен кийин Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, шектелгендер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.