Лейлек районунун маселеси: Мегаком жана кыргыз телеканалдары
21 январь

Лейлек районунун маселеси: Мегаком жана кыргыз телеканалдары

Депутат Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин жыйынында Лейлек жана Баткен райондорунун тургундарынын кайрылууларын жеткирди. 

Айтымында, бул аймактарда Мегаком уюлдук операторунун байланышы абдан начар. Бул боюнча айрыкча, Жаңы-Жер айыл аймагындагы бир катар айылдардын тургундары билдиришүүдө. 

“Мегакомдун ордуна коңшу өлкөлөрдүн уюлдук операторлорунун байланышы чыгып калат экен”, – деди депутат. 

Ошондой эле Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Алга айылында Кыргызстандын телеканалдары тартпай турганын билдирди. 

“Бул маселени шашылыш чечпесек болбойт. Анткени бул айылдын тургундары да Кыргызстанда кандай жаңылыктар болуп, кандай жакшылыктар орун алып жатканын билип турууну каалашат”, – деди ал.