Өмүрзаков: Жеке лабораторияларда бир анализдин баасы 5 миң сомго чейин, ага мамлекеттик кызматкердин маянасы жетпейт
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо жаатына таандык маселе көтөрдү.
Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик медициналык мекемелер жеке клиникалар менен тең ата иштей албай, көп жагынан артта калганын белгиледи.
“Азыр ооруган адамдар, жугуштуу оорулар, оорулардын түрү да көбөйүп жатат. А мамлекеттик медициналык мекемелерде лабораториялык анализдердин белгилүү тизмеси бар, андан башкасын тапшыруу үчүн жаран жеке клиникага кайрылууга аргасыз. Бир анализдин баасы 500 сомдон 5 миң сомго чейин жетет экен. Эгерде бир үй-бүлөдө баласы, энеси ооруп калчу болсо, анализге эле канча акча кетет. Буга мамлекеттик кызматкердин айлык маянасы жетпейт”, – деди ал.
Депутат саламаттыкты сактоо тармагына акча аябаш керек деп эсептейт. Жаңы министр, жаңы орун басар дайындалганын эске салып, эми алар натыйжалуу иштеши үчүн финансы жактан жетиштүү колдоо зарылдыгын билдирди.
