Каркыра жайлоосуна жыл бою иштей турган эс алуу борбору курулат
Түп районунун Каркыра жайлоосуна жаңы эс алуу борбору курулмакчы. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2025-жылы жергиликтүү ишкер эс алуу борборун куруу максатында долбоор жазып фондго кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ишкерге 15 млн. сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген.
Долбоорга ылайык, жалпысынан 200 орундуу 19 корпус курулмакчы. Анын ичинде административдик имарат, тамактануучу жайы, жыйындар залы, көнүл ачуучу жай жана медициналык кызмат көрсөтүү жайы курулат.
Аталган эс алуу борборунун курулушу менен жаңы жумуш орундары эле пайда болбостон, эс алуучуларга жана чет элдик туристтерге дагы заманбап шарттар түзүлмөкчү.
Бүгүнкү күндө акча каражатынын биринчи траншы каржыланды. Учурда курулуш иштери жүрүүдө.
