Жумгал районунда 3,5 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды
Нарын ОИИБ
2 июль

Жумгал районунда 3,5 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда 3,5 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Маринка жана Киндик участокторунда Нарын ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Жумгал РИИБдин жана Мин-Куш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери биргелешип рейддик иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы аянты 2,5 гектарды түзгөн жерде өскөн жапайы кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды. Жалпысынан 3,5 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай өсүмдүгү жок кылынды.

Мындай алдын алуу жана жок кылуу иш-чаралары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында мындан ары да улантылат.