Кыргыз тилин мазактаган үч блогер милицияга жеткирилди
21 январь

Кыргыз тилин мазактаган үч блогер милицияга жеткирилди

Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан.

Бул факты Бишкек шаардык милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Натыйжада УКМК кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видеодо көрсөтүлгөн жарандардын өздүгү аныкталган, алар 1991-жылы туулган Т.К., С.С. жана М.М. Тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү соттук лингвистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгына жараша мыйзамдын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат.

Бишкек ШИИББ жарандарды мыйзамдарды, мамлекеттик тилди урматтоого жана коомдук адеп-ахлак нормаларын сактоого чакырат.