Данияр Бапышов Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды
Бапышов Данияр Нуруясович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
