Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
13 февраль

Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 13:00дөн тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда каттам бар, жолдор ачык. №36 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.