Кыргызстанда ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 100дөн ашуун факты аныкталды
www
28 май

Кыргызстанда ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 100дөн ашуун факты аныкталды

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдүн алкагында, ишкердик субъекттерин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонуу боюнча 105 факты аныкталган.

Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди системалуу негизде улантууда.