Оштогу Аэропорт жолунун ирригациялык инфраструктурасы оңдолот
21 январь

Оштогу Аэропорт жолунун ирригациялык инфраструктурасы оңдолот

Бүгүн, 21-январда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте “Манас-Ата” аймактык башкармалыгына караштуу Аэропорт жолунда таңкы рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Кыдыруунун алкагында шаар мэри Аэропорт жолунун ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүү жана иретсиз өскөн дарактарды иретке келтирүү максатында тиешелүү кызматтарга чирип, жараксыз абалга келген дарактарды алып салып, алардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча тапшырма берди.