"Манас" аэропортун коюу туман каптап, учактар кармалууда
«Манас» эл аралык аэропортунда эртең менен аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу абакаттамдар кечигип жатат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аэропорттун маалыматына ылайык, учурда төмөнкү багыттар боюнча үч каттам кармалып турат:
- Анталия;
- Казань;
- Шарм-эль-Шейх.
Айрым учурларда аэропорт аймагында көрүнүш 300 метрге чейин төмөндөп жатат. Ушуга байланыштуу саат 11:00гө чейин каттамдардын дагы кечигиши мүмкүн.
Жүргүнчүлөргө каттамдардын абалын авиакомпаниялардан тактап, маалыматтардын жаңыланышын көзөмөлдөп туруу сунушталат.
