Бишкекке жаңы автобустардын экинчи партиясы келди
24 ноябрь

Бишкекке жаңы автобустардын экинчи партиясы келди

ЕРӨБдин “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында 24-ноябрда Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы келип жетти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Аталган долбоордун негизинде жалпысынан 95 автобус алынган. Учурда калган автобустар жолдо келүүдө.

Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн кошумча 8 даана автобус келди.

Жалпы 28 даана автобус Бишкек шаарына жеткирилди.

Калган автобустар жакынкы аралыкта келет.