Бишкекте ЖККУ жыйыны өтөт. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
24 ноябрь

Бишкекте ЖККУ жыйыны өтөт. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Милиция кызматкерлери Бишкекте ЖККУ жыйындарын өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө Ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.

ИИОнун өздүк курамы коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында тартылат.

Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4000ден ашык кызматкери тартылат.