БМЖККК: баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын сатуу менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизатын өндүрүү жана сатуу менен алектенип жүрүшкөн мурда соттолгон 1979-ж.т. Т.М.К., 1984-ж.т. Ч.Б.Б., жана 1998-ж.т., Ж.Т.Б., 2000-ж.т. М.у.Д., 2002-ж.т. М.И.Э. атуу жарандар кармалышкан.
Кармалган жарандардын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн учурда үйүндө катылган баңгизаттар жана баңгизатын өндүрүүгө колдонулуучу шаймандар табылып алынган.
Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.
КР Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалган 1979-ж.т. Т.М.К., 1984-ж.т. Ч.Б.Б., 1998-ж.т., Ж.Т.Б., 2000-ж.т. М.у.Д., 2002-ж.т. М.И.Э. атуу жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторуна киргизилди.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
