Министр жарандардын коопсуздугу жана өз алдынча дарыланууга каршы күрөшүү маселесин көтөрдү
24 ноябрь

Министр жарандардын коопсуздугу жана өз алдынча дарыланууга каршы күрөшүү маселесин көтөрдү

Бир катар басылмаларда саламаттык сактоо министринин айткандары контексттен тышкары интерпретацияланган. Маекте максат катары же инструмент катары дарыканаларды жабуу жөнүндө сөз болгон эмес. Анда изилдөөлөр жана эл аралык практика тастыктаган олуттуу маселе талкууланган: жарандардын дары-дармекке байланыштуу чыгымдарынын жогору болушу, өз алдынча дарылануунун кеңири жайылышы жана антибиотиктерди дарыгердин кеңешисиз эле эркин колдонуу.

Министр дары-дармек жүгүртүүнү жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аларга рецептуралык берүү, дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө, агрессивдүү жарнаманы чектөө жана негизсиз дары колдонууга жол бербеген шарттарды түзүү кирет. Мындай чаралар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп, калктын саламаттыгын коргоого жана саламаттык сактоо үчүн глобалдык коркунучтардын бири катары ДССУ тарабынан таанылган антибиотикке туруктуулуктун өсүшүн алдын алууга багытталган.

Бул тармактагы мүмкүн болгон бардык өзгөртүүлөр этап-этабы менен, кылдат талдоо менен, адистердин, фармацевтикалык коомчулуктун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат. Сунушталып жаткан чаралар керектүү дары-дармекке жетүүнү чектөөгө эмес, дары-дармек рыногунда тартип орнотууга жана бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Саламаттык сактоо министрлиги кесиптик коомчулук, фармацевтикалык сектор жана коомчулук менен ачык диалогду улантып, дары-дармекке жеткиликтүүлүк, жарандардын коопсуздугу жана медикаменттерди рационалдуу колдонуу боюнча эл аралык стандартдардын ортосундагы тең салмакты камсыз кылуу үчүн иш алып барат.