Калың кар түштү. Чаткал районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Калың кардын жаашына байланыштуу Чаткал району аймагында II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан тарта жааган кардын кесепетинен Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунда кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган.
Тазалоо иштерине Каныш-Кыя айыл аймагы, “Жагалмай” ЖЧКсы, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы жана №27 жол тейлөө ишканасы тарабынан 10дон ашуун атайын техника тартылган. Учурда жолдорду кардан тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери улантылууда.
Аба ырайынын шартына байланыштуу райондогу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлгөн. Калың кардын кесепетинен айрым айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, райондук электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча авариялык бригада жөнөтүлүп, жол каттамы калыбына келгенден кийин аймакка жеткирилет.
Ал эми Тогуз-Торо районунун аймагында да калың кар жаап, айрым айылдарда кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Тазалоо иштеринин натыйжасында бардык айылдарга жол каттамы камсыздалды. Мектептер онлайн режимге өткөрүлгөн.
Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун айрым тилкелеринде кар көчкү түшүп, коопсуздук максатында жол убактылуу жабылып, посттор коюлган. Ошондой эле жолдун Нарын облусунун Жумгал району менен чектешкен тилкесинде да кыймыл чектелген. Райондо электр энергиясы үзгүлтүккө учураган эмес.
Эки райондо тең түзүлгөн кырдаал Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев тарабынан жеке көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтарга ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
