Прокуратура органдарынын ардактуу кызматкери Какен Бегалиева дүйнөдөн кайтты
24 ноябрь

Прокуратура органдарынын ардактуу кызматкери Какен Бегалиева дүйнөдөн кайтты

Прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын жалпы укуктук коомчулугу оор жоготууга учурады.

2025-жылдын 22-ноябрында прокуратура органдарынын ардактуу кызматкери Бегалиева Какен Тюлебаевна 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

К.Бегалиева 1941-жылдын 15-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган.

1963-жылы Фрунзе шаарындагы “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктагандан кийин эмгек жолун Ош областынын Ленин райондук нотариалдык конторасында баштап, 1963-1965-жылдары Ош областынын Ленин райондук нотариалдык конторасынын жетекчиси, 1965-1967-жылдары Ысык-Көл обастынын Рыбачье (Балыкчы) шаарынын нотариалдык конторасынын жетекчиси болуп иштеген.

Какен Тюлебаевна 1967-жылдын июль айында Кыргыз ССРнин прокуратура органдарына кабыл алынып, 1998-жылга чейин Нарын жана Ысык-Көл областынын прокуратура органдарында прокурордун жардамчысы, бөлүмдүн прокурору, тергөөчү, район прокурору сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Жалпысынан 31 жылдан ашык кызмат мөөнөтүн прокуратура органдарына арнап, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси наамына ээ болгон.

Кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткарганы үчүн ал СССР Жогорку Кеңешинин “Эмгек Ардагери” медалы, “Ардак Белгиси” ордени сыяктуу мамлекеттик сыйлыктар, ошондой эле кынтыксыз кызматы үчүн бир нече жолу СССРдин Башкы прокурору, Кыргыз ССРнин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлору тарабынан ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.