Зыян 800 миң сом. Таласта мал уурулуктун бети ачылды
Талас РИИБге райондун 3 тургуну арыз менен кайрылган. Алар өз арыздарында 2025-жылдын 22-ноябрына караган түнү 2 баш уй жана 1 баш жылкы кулуну менен белгисиз кылмышкерлер тарабынан уурдалганын билдиришкен.
Аталган фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Талас РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары, Талас районунун тургундары 1991-ж.т. К.С. жана 1994-ж.т. С.С. кармалып, 23-ноябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөр малдарды өзүнүн жана кошуна айылдын тегерек четинен уурдаганды белгилүү болгон.
Кылмышка шектүүлөрдүн башка мал уурулуктарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, К.С. аттуу жарандын 2025-жылдын апрель-август айларында уурдалган 4 баш уйду уурдоого тиешеси бар экендиги такталган.
Жалпысынан арыз ээлерине 800 000 сомдук материалдык чыгым келтирилип, 400 000 сомдук чыгым өндүрүлгөн. Калган чыгымды өндүрүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Өз кезегинде арыз ээлери жаздан бери токтобой уланып келе жаткан мал уурулук кылмыштын бетин ачып, материалдык чыгымды кайтарып бергендиги үчүн Талас милициясына ыраазычылыктарын билдиришти.
