Чүй облусунда 9 кг гашиш менен эки жаран кармалды
24 ноябрь

Чүй облусунда 9 кг гашиш менен эки жаран кармалды

2025-жылдын 20-ноябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерин текшерүү максатында 1990-жылы туулган И.А. атту жаран токтотулганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүү учурунда анын үстүңкү кийиминин капюшонунан эки даана белгисиз кара түстөгү зат табылган.

Бул факт катталып, табылган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, алынган зат каннабис смоласы (гашиш) болуп, салмагы 4,56 г жана 4,49 г экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо ) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан И.А ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы жана мурда бир нече жолу соттолгону аныкталган. Ошондой эле, анын аталган баңги заттарды ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, Аламүдүн районунун бир айылынын тургуну Б.А. аттуу жарандан алгандыгы белгилүү болгон.

Иштин бардык жагдайларын тактоо жана мүмкүн болгон башка жашырылган баңги заттарды табуу максатында Б.А.нын үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү (гашиш) 5,6 грамм салмактагы зат табылган.

Шектүүлөр-1986-жылы туулган Б.А. жана 1990-жылы туулган И.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөөгө алынган иш улантылууда.