Саламаттык сактоо министринин орун басарынын катышуусунда ВИГА 6.0 боюнча өлкөлүк өтүнмөнү даярдоо боюнча экинчи жыйын өттү
Кыргызстанга Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) миссиясы келди. Визиттин алкагында 2026-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга ВИГА 6.0 колдоосун алуу үчүн өлкөлүк өтүнмөсүн даярдоо боюнча жумушчу топтун экинчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова, ВИГАнын, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), ЮНИСЕФтин өлкөлүк кеңсесинин өкүлдөрү жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары алгач сөзүндө ВИГАнын алдыдагы колдоосунун улуттук иммунизациялоо программасын мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Кыргыз Республикасы үчүн ВИГАнын колдоосу стратегиялык мааниге ээ. Бул колдоо улуттук иммунизациялоо программасынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө гана эмес, калкты вакциналар менен туруктуу камсыз кылууга, иммунопрофилактика системасын өркүндөтүүгө жана сапаттуу профилактикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. ВИГА 6.0 боюнча өтүнмөнү даярдоо — өлкөнүн жакынкы жылдарга карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана аларды ырааттуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү кадам», — деп белгиледи Гүлбара Ишенапысова.
Экинчи жыйындын жүрүшүндө негизги маселелердин бири катары ВИГАнын Башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын июль айында кабыл алынган чечим талкууланды. Аталган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасы үчүн 2026–2030-жылдарга карата колдоонун көлөмү, анын ичинде вакциналарды каржылоо жана акчалай бюджет боюнча каражаттар акыркы ирет бекитилген.
Өзгөчө көңүл иммунизациялоо программасынын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылууга жана аны каржылоодо улуттук жоопкерчиликти күчөтүүгө бурулду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча өлкөлүк өтүнмөнү даярдоо боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу, ВИГА, ДССУ, ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөрдүн биргелешкен иши Кыргыз Республикасынын стратегиялык артыкчылыктарына шайкеш келген сапаттуу, негиздүү жана реалдуу өтүнмөнү иштеп чыгууга багытталат.
