Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери “Арсенал” аттуу рейддик иш-чара өткөрүштү
21 январь

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери “Арсенал” аттуу рейддик иш-чара өткөрүштү

2026-жылдын 19-январь күнү Аламүдүн РИИБдин Беш-Күнгөй АМБнын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Беш-Күнгөй айыл аймагында «Арсенал» аталышындагы рейддик иш-чараны уюштурушту.

Иш-чаранын негизги максаты – ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу жана уруксат кагаздардын мөөнөттүүлүгүн текшерүү болду.

Рейд учурунда жарандарга ок атуучу куралдарды коопсуз колдонуу жана сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кызматкерлер жарандарга ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо же уруксат кагаздарынын мөөнөтү өткөн абалда колдонуу жоопкерчиликке алып келерин эскертишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө сактоо мөөнөтү өткөн 8 даана ок атуучу курал алынган жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 134-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлгөн. Мындан тышкары 5 даана ок атуучу курал жарандардын өз ыктыяры менен тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда кызматкерлер айрым курал ээлерине куралды сактоо жана пайдалануу эрежелери боюнча эскертүүлөрдү беришти. Алар шектүү жагдайлар байкалса же кимдир бирөө мыйзамсыз аңчылык кылып жатса, дароо Чүй ОИИББнын 102 кызматына же жакынкы милиция бөлүмүнө кабар берүүнү эскертишти.