Чүй облусунда экстремизмге каршы иш-чарада 48 даректе тинтүү жүргүзүлдү
Чүй облусунда экстремизмге каршы багытталган «ЭКСТРЕМИСТ» шарттуу аталышындагы атайын иш-чаранын алкагында 48 даректе тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Чүй облусунун ИИОнун Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш-чара Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында уюштурулган.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кылмыш иштери үчүн мааниге ээ болгон бир катар буюмдар жана материалдар далил буюм катары алынды.
Алардын арасында 681 даана диний багыттагы китеп, 50 даана диний багыттагы китепче, 59 уюлдук телефон, 3 компьютердин процессору, 1 ноутбук, 1 планшет, 4 DVD жана 3 CD диск, 2 USB-флешка, 1 видеокамера жана 8 дептер бар.
Мындан тышкары, 3 сайсыз мылтык, 935 ок-дары, 2 канжар бычагы жана 27 автоунаанын мамлекеттик номердик белгиси алынган.
Учурда алынган буюмдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, алардын кылмыш ишине тиешеси жана укуктук мааниси аныкталууда.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат.
Чүй облусунун ички иштер органдары экстремизмдин алдын алуу жана ага бөгөт коюу, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштерди улантууда.
