Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасынын отставкасы боюнча комментарий берди
Нурланбек Тургунбек уулу
13 февраль

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасынын отставкасы боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларга байланыштуу “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Нурланбек Тургунбек уулунун Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши тууралуу суроого да жооп берди.

Президент журналисттин "Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлерди ошол эле "75 адамдын кайрылуусу" менен бир кампания деп байланыштырса болобу?" деген суроосуна мындайча жооп берди:

"Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Дал ушул тергөө силер айткан демилгенин канчалык масштабда болгонун, канча адам катышканын так көрсөтүп берет. Балким катышуучулардын саны азыр айтылып жатканынан да көп болушу мүмкүн, бирок мен так жоопту тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туруп айтам". 

Ал эми төраганын өз каалоосу менен кызматтан кетишин 75 адамдын катына түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алыс экендигин кошумчалады. 

"Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр", - деди президент.