Президент: Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, эл чечет
13 февраль

Президент: Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, эл чечет

Кыргызстан — демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты. 

Анын айтымына караганда, Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат.

"Ошондуктан «бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул» деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат", - деди ал.