Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
13 февраль

Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бишкек — Ош жолунун Ала-Бел ашуусунун 255-чакырымында болжол менен саат 10:50 чамасында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жол убактылуу жабык.