Президент: «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок
Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысы маегинде акыркы кадрдык чечимдер тууралуу түшүндүрмө берген.
"Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиевдин алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, министрлер кабинетинин төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. Ошондуктан «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок", – деди ал.
