Баткен шаардык муниципалдык автобазасынын техникалык базасы жаңыланууда
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
17 август

Баткен шаардык муниципалдык автобазасынын техникалык базасы жаңыланууда

Баткен шаардык муниципалдык автобазасынын техникалык базасы жаңыланууда.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алынган техникалардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана «Желмаян» атайын техникасы бар.

Техникалар шаарды көрктөндүрүү, тазалык иштерин жүргүзүү, жолдорду оңдоо жана башка муниципалдык иштерде колдонулат.

Атайын техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каржыланып, Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган.