Чүйдө баңгизат жана курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды
2025-жылдын 13-ноябрында Москва РИИБге ыкчам маалымат келип түшкөн: Москва районундагы Садовое айылында «Р» атту эркек киши банги заттарды колдонуп, үйүндө банги заттарды жана курал-жарактарды сактап жүргөнү тууралуу маалымат алынган.
Бул факт каттого алынып, текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1966-жылы туулган У.Р. атту жаран экендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) жана 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
У.Р.нын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр табылган: анаша жыттуу, күрөң түстөгү эки пакети, салмагы 138 грамм жана 102 грамм; банги заттарды чегүү үчүн жасалган түтүк; пластик бөтөлкө; жасалма тапанча; обрез мынтыгы; граната; 8 даана окдор, 1 даана патрон, 1 даана гильза; кутучада порох; 2 бычак.
Бардык алынган буюмдарга жана заттарга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1966-жылы туулган, У.Р., , кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сот тарабынан ага баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими кабыл алынган.
Текшерүү иштери улантылууда.
