Сүлүктүдө шахта урандысында калган кенчилер куткарылды
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында күн мурун, 23-ноябрда “Адахан” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты.
Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен.
Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан.
