Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нурбек Чегирткеев дайындалды
Мамлекеттик бажы кызматы
31 март

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нурбек Чегирткеев дайындалды

Нурбек Чегирткеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Руслан Жунушалиев жаңы орун басарды эмгек жамаатына тааныштырды.

Чегирткеев Нурбек Талантович 1981-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү – 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «Жол кыймылын уюштуруу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинде баштап, 2005–2013-жылдары аталган органда кызмат өтөгөн.

2013-жылдан тартып Мамлекеттик бажы кызматынын системасында иштеп, инспекторлуктан тартып жетекчилик кызматтарга чейин ар кандай кызмат орундарын ээлеген.

Дайындалганга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп келген. Бажы кызматынын полковниги.