Кыргызстан менен Түштүк Африканын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү маселеси талкууланды
25 февраль

Кыргызстан менен Түштүк Африканын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Рональд Ламола жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 24-февралында Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында өткөн. 

Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулап, саясий диалогду, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Министр Ж.Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырып, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды жолго коюуну сунуштады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагындагы эки өлкөнүн демилгелери белгиленип, БУУ системасынын алкагында өз ара позитивдүү кызматташууну улантууга даярдык тастыкталды.

Жолугушууда Кыргызстан тарабынан көчмөн маданиятынын мурасын сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы демилгелер өзүнчө талкууланды.

Министр Кулубаев Түштүк Африка Республикасынын делегациясын 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Тараптар КР менен Түштүк Африка Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.