Мульти-диагностикалык мобилдик клиника Талас облусунда ишин улантууда
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев 2025-жылдын 30-июнунан бери Талас облусунда иштеп жаткан мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын иши менен таанышты.
Ушул убакыттын ичинде адистер Талас шаарынын 3 272 тургунун текшерүүдөн өткөрүп, жалпысынан 7 709 кеңеш жана медициналык кароолорду жүргүзүштү. Алардын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлер, гинекологдор, офтальмологдор, кулак-мурдун адистери жана башка тармактар боюнча адистердин кызматтары көрсөтүлгөн.
Мобилдик клиника үч айдын ичинде Талас облусунун төрт районунда жана Талас шаарында иштеп, жалпы 275 миңден ашык адамды медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Андан кийин клиника Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна жөнөтүлөт.
2021-жылдан бери мобилдик клиника Баткен облусун кошпогондо, өлкөнүн бардык аймактарында болуп чыкты. Анын негизги максаты — алыскы аймактардагы калк үчүн сапаттуу диагностикалык кызматтарды жеткиликтүү кылуу, ооруларды өз убагында аныктап, алдын алуу.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мобилдик клиниканын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи:
«Биздин максат - ар бир жаран, кайсы аймакта жашабасын, сапаттуу медициналык жардам ала алышы керек. Мобилдик клиника - бул оорулардын алдын алып, элдин ден соолугун сактоого чоң жардам берген чыныгы механизм», - деди министр.
