Ош шаарында 17 жыл вагондо жашаган үй-бүлө батирлүү болду
20 июль

Ош шаарында 17 жыл вагондо жашаган үй-бүлө батирлүү болду

Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн астында вагондо 17 жылдан бери жашап келе жаткан 67 жаштагы Акболуш Эржигитов менен Базаргул Эржигитова үйлүү болушуп кубанычы чексиз. 

Мэриядан кабарлашкандай, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы шаар кыдыруусунда көпүрө астындагы кичинекей вагондо жашаган үй-бүлөгө көзү түшүп, ал абалын сурап билген соң, 2-3 күн аралыгында батирлүү кылып, көчүрүп кетүүнү убадалаган.

Шаар мэри убадасын аткарып, бул үй-бүлөгө 19-июлда бир бөлмөлүү батир алып берип, ачкычын тапшырды.

Буга чейин Вагондо Акболуш Эржигитов келинчеги жана кызы, эки небереси менен жалпы беш адам жашап келген.