ТИМ: Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү эл аралык талаптарга жооп берет
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү эл аралык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.
Анын айтымына караганда, дипломатиялык каналдар аркылуу Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү тууралуу маалыматтар таратылды. Бул ишке 32 элчилик жана 10 башкы консулдук тартылган.
