Кара-Суу районунда «Санарип күзөт» борбору ачылды
24 ноябрь

Кара-Суу районунда «Санарип күзөт» борбору ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Күзөт бөлүмүндө «Санарип күзөт» борбору ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын КжТКСБ башчысы Саламат Календеров, Кара-Суу РИИБнин башчысы Данияр Рыскулов, ардагерлер, ошондой эле Кара-Суу райондук администрациясынын башчысы, аким Канат Табалдиев, мэри Ислам Эрмаматов, Бажы инфраструктура ачык акционердик коомунун Түштүк филиалынын директору Азамат Койчубеков, стратегиялык мекемелердин жетекчилери жана чакырылган коноктор катышты.

Ачылыш аземдин алкагында «Санарип күзөт» борборунун иштөө механизми көрсөтүлүп, кооптуу кырдаалда колдонулуучу «Коопту баскычы» басылып, ыкчам аракеттер тобу мындай учурда кантип жана канчалык ыкчам иш алып барары көрсөтүлдү. Катышуучулар топтун даярдыгына жана техникалык жабдууларга күбө болушту.

Мындан тышкары, коопсуздук тармагында салымын кошкон ардактуу меймандарга жана кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды.