Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди.
"Манас" эл аралык аэропортунда премьер-министрди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат.Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.
