
"Сүйүү — бул жеңиш". Бишкекте Айсулуу Тыныбекованын үлпөт тою өтүүдө
Бишкекте Айсулуу Тыныбекованын үлпөт тою өтүүдө. Спортчу Instagram`дагы баракчасына видео жүктөп, "Сүйүү — бул жеңиш" деп билдирүү калтырган.
Айсулуу 18-декабрда болочоктогу жолдошунун сүрөтүн жүктөп, турмуш жолуна аттанып жаткандыгын жар салган.
Айсулуу Тыныбекованын жолдошу Бакберген Аттокуров. Ал Талас облусунун кулуну. Ачык булактарда анын да күрөш менен алектенери айтылат.
"Караван Инфо" редакциясы жаштарга бакыт каалайт!