Дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин кесепетинен 8 млн ашык адам каза болот
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДСУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин кесепетинен 8 миллиондон ашык адам каза болот. Бул тууралуу 28-майда Бишкекте өткөн «Азгырыкты ашкерелейбиз — никотин жана тамеки көз карандылыгына каршы турабыз!» аттуу маалыматтык жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, анын ичинде болжол менен 1,2 миллион адам — өздөрү тамеки чекпеген, бирок экинчи тараптан чыккан тамеки түтүнүнүн таасирине дуушар болгон адамдар.
Өспүрүмдөр жана жаштар арасында никотин камтыган продукцияларды колдонуу көрсөткүчүнүн өсүшү эл аралык коомчулуктун өзгөчө тынчсыздануусун жаратууда. БДСУ белгилегендей, заманбап никотин продукциялары атайын жаштардын кызыгуусун жаратуу максатында иштелип чыгат. Бул үчүн түзмөктөрдүн жана таңгактардын жаркыраган дизайны, таттуу жыт берүүчү кошулмалар, социалдык тармактар аркылуу жайылтуу жана блогерлер менен инфлюенсерлер аркылуу жашыруун жарнама колдонулат.
Адистер никотин күчтүү көз карандылыкты жаратуучу зат экенин белгилешет. Айрыкча анын балдарга жана өспүрүмдөргө тийгизген таасири өтө кооптуу, анткени бул куракта мээнин жана нерв системасынын калыптануу процесси дагы эле уланат.
Маалымат үчүн:
2026-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасы бүткүл дүйнөлүк коомчулук менен бирге, 1987-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) тарабынан негизделген Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күндү (World No Tobacco Day) белгилейт.
Бул эл аралык демилгенин негизги максаты — тамеки жана никотин камтыган продукцияларды колдонуу кесепеттерине, ошондой эле калктын ден соолугун тамеки жана никотинге көз карандылыктан коргоо боюнча мамлекеттик саясатты күчөтүүнүн зарылдыгына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Көп жылдардан бери Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы эң маанилүү глобалдык кампаниялардын бири болуп келет. Жыл сайын ДСУ тамекиге каршы күрөштөгү эң актуалдуу чакырыктарды чагылдырган өзүнчө теманы аныктайт.
2026-жылы Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн төмөнкү эл аралык ураан алдында өткөрүлүүдө: «Азгырыкты ашкерелейбиз — никотин жана тамеки көз карандылыгына каршы турабыз!» (Unmasking the appeal – countering nicotine and tobacco addiction).
Ал жаңы керектөөчүлөрдү, айрыкча балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды тамеки тартууга багытталган тамеки жана никотин индустриясынын стратегияларын ашкерелөөгө арналган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүгүнкү күндө тамеки жана никотин өндүрүүчү компаниялар жаштар арасында никотин продукциялары “коопсуз”, “модалуу” жана “заманбап” деген жалган түшүнүктү калыптандыруу үчүн маркетингдик жана психологиялык ыкмаларды активдүү колдонуп жатканын белгилейт.
