Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди 
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 август

Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди 

Бүгүн, 17-августтан тарта Манас шаарынын Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекет ишке берилди. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынан кабарлашты.

Эми шаардан сырткаркы багыттар боюнча каттаган бардык маршруттук каттамдар жана такси кызматтары жаңы автобекеттен жөнөйт.

Жаңы жайда жүргүнчүлөр үчүн күтүү шарттары түзүлүп, коомдук транспорт жана такси унаалары үчүн кеңири орундар каралган.

Учурда шаардан сырткаркы каттамдарды жаңы автобекетке өткөрүү иштери жүргүзүлүп, такси кызматтарынын айдоочуларына жаңы тартип боюнча Манас шаарынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы автобекеттин ишке берилиши менен шаардагы транспорт кыймылын иретке келтирип, жолдордогу тыгындарды азайтууга жана каттамдарды бир жерге топтоо аркылуу жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.