Депутат: Соттук-эксперттик кызматындагылардын айлыгын көтөрмөйүнчө, коррупция тыйылбайт
9 сентябрь

Депутат: Соттук-эксперттик кызматындагылардын айлыгын көтөрмөйүнчө, коррупция тыйылбайт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Курманалиева Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта иштегендердин айлык акысы өтө төмөн экенин билдирди.

Депутаттын айтымында, кызматкерлердин нааразычылыгынын жана коррупциялык көрүнүштөрдүн себептеринин бири дал ушул эмгек акынын аздыгы болушу мүмкүн.

Ал жаңы дайындалган юстиция министри Алмаз Айылчиевге кайрылып, бул тармактагы кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү маселесине көңүл бурууну суранды.

«Ал жакта кадрдык ачкачылык бар. Эч көңүл бурулбай келет, айлык акылары абдан аз – 30 миң сомдун тегереги. Эл коррупция көп деп нааразы болуп жатышпайбы, аны жоюу үчүн татыктуу айлык акы коюу керек. Эксперттердин көбү жеке менчик уюмдарга кетип жатышат. Ал эми элдин жеке менчик кызматтардын баасын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Эгер айлыкты көбөйтсөңүздөр, тажрыйбалуу адистердин баары мамлекеттик кызматта иштемек», – деди Курманалиева.